A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПАнын Башкы катчысы ЕККУ ПАнын сессиясына катышты - Turk-PA.org
Friday, 25 September 2020, 02:46:32 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПАнын Башкы катчысы ЕККУ ПАнын сессиясына катышты

13.08.2015 14:24
ТүркПАнын Башкы катчыссы Жандос Асанов ЕККУ ПАнын Башкы катчысынын чакыруусу боюнча 2015-жылдын 5-9-июнунда Хельсинкиде ѳткѳн аталган уюмдун жыл сайын ѳтүүчү 24-сессиясына катышты. Сессиянын негизги темасы катары “Хельсинки рухуну эскертүү” болуп, Финляндиянын борбор шаарында кол коюлган Хельсинки актынын кырк жылдыгына арналды.


Сессиянын алкагында Ж.Асанов Азербайжан, Кыргызстан жана Түркиянын делегациялары менен кездешип аталган иш-чара учурунда тѳрт делегация арасындагы биргелешип аракеттенүү маселелри талкууга алынды. Ж.Асанов кызматынан кетип жаткан ЕККУ ПАнын Башкы катчысы Спенсер Оливер жана кызматына 2016-жылдын 1-январдан тартып баштай турган жаңы шайланган ЕККУ ПАнын Башкы катчысы Роберто Монтелламенен жолугушту. ТүркПАнын Башкы катчысы Р.Монтеллага келечек жумушунда ийгиликтерди каалап кетти.

Хельсинкидеги сессиянын күн тартибине ылайык ЕККУ ПАнын баш комитеттеринин кызматкерлери шайланды. Кыргызстан делегациясынын башчысы роза Акназарова экономика маселери, илим, технология жана айлана чѳйрѳ комитетинин тѳрайымы болуп, ал эми Азербайжан делегациясынын мүчѳсү Азай Гулиев саясий жана коопсуздук маселелер комитетиниин тѳрагасынын орун басары болуп кайта шайланды.

Сессия ѳз ишин ЕККУ ПАнын ЕККУга жана катышуучу мамлекеттерге саясий, экономикалык, айлана чѳйрѳ жана адам укуктары жаатында саясий сунуштамаларды камтыган 2015 Хельсинки Декларациясын кабыл алуу менен аяктады.