A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПАнын байкоочулар миссиясы Түркиядагы парламенттик шайлоосуна катышты - Turk-PA.org
Friday, 25 September 2020, 02:14:27 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПАнын байкоочулар миссиясы Түркиядагы парламенттик шайлоосуна катышты

09.06.2015 10:34
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) байкоочулар миссиясы Түркияда 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо кыска мөөнөттүк байкоо жүргүздү. Аталган миссия курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын Төрагасы Курманбек Дыйканбаев кирди.

Иш-сапардын алкагында ТүркПАнын өкүлдөрү Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин Төрагасы Саади Гүвен, Конституциялык соттун Төрагасы Зүхтү Арслан, парламентик өкүлдөр жана тышкы иштер министрлигинин жогорку денңгээлдеги кызматкерлери менен жолугушуп, маектешти. Түркиянын расмий өкүлдөрү шайлоону ойдогудай, эл аралык стандарттарга шайкеш өткөзүү үчүн аткарылган иштер туралуу маалымат берди.

ТүркПА миссиясынын добуш берүү процессин толугу менен байкоого мүмкүндүгү болду. Шайлоо күнү добуш берүү аймактары таңкы саат 8-ден кечки 5-ке чейин ачык болду. Байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү Анкара шаарынын Чанкая жана Гөлбашы аттуу райондорунда жайгашкан 50-гө жакын добуш берүү аймагында болду. Байкоочулар добуш берүү процессине күбө болуп, шайлоочулар менен, саяси партиялардын өкүлдөрү менен жана шайлоо аймагынын расмий өкүлдөрү менен маектешти. ТүркПА байкоочулары, Чанкая районунда жайгашкан шайлоо аймагынын бириндеги добуш саноонуу байкады.

8-июнда ТүркПА байкоочулар миссиясы байкоо натыйжалары боюнча пресс-конференция өткөздү.