A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

ТүркПА делегациясы ЕККУ ПАнын эл аралык Катчылыгына баш бакты - Turk-PA.org
Friday, 25 September 2020, 02:02:30 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПА делегациясы ЕККУ ПАнын эл аралык Катчылыгына баш бакты

29.05.2015 12:46
2015-жылдын 26-майында Башкы катчы баш болгон ТүркПА делегациясы ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык Катчылыгына иш сапары менен баш бакты.



Делегация ЕККУ ПАнын Башкы катчысы Спенсер Оливер, орун басарлары Густаво Палларес, Семен Дзахаев, шайлоолор боюнча директов Андреас Бэйкер, коммуникация боюнча директор Ричард Солаш менен жолугушту. Башкы катчы Спенсер Оливер жана Катчылыктын курамы ЕККУ ПАнын Халсикиде ѳтүүчү келээрки жылдык сессиясы, ЕККУ ПАнын жана эл аралык Катчылыктын структурасы жана функциялары жѳнүндѳ маалымат берди.

Асанов мырза ЕККУ ПАнын Катчылыгына ТүркПА Катчылыгынын учурдагы иш чаралары жана мүчѳ ѳлкѳлѳр арасы кызматташуусунун негизги аспектилери жѳнүндѳ маалымдады. Эки тарап Ассамблеялар аралык кызматташуу перспективаларын жана субрегионалдык парламенттер аралык форумдардын ЕККУ нун милдеттенме жана принциптерин аткаруудагы салымын белгилеп кетишти.

ТүркПА делегациясынын курамына Башкы катчынын орун басары Алтынбек Мамаюсупов жана укуктук маселелер секторунун жетекчиси Анар Рахимов кирди.



http://www.oscepa.org/parliamentary-diplomacy/visits-to-the-secretariat/2215-osce-pa-international-secretariat-hosts-turkpa-delegation