A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Тышкы саясат изилдѳѳ борборлордун биринчи жыйыны Бакыда ѳттү - Turk-PA.org
Saturday, 24 October 2020, 02:23:59 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Тышкы саясат изилдѳѳ борборлордун биринчи жыйыны Бакыда ѳттү

20.05.2015 15:58
2015-жылдын 8-майында Азербайжандын Стратегиялык изилдѳѳлѳр борборунун коноктоосунда Түрк Кеңешине мүчѳ ѳлкѳлѳрдүн расмий тышкы саясат изилдѳѳ борборлорунун биринчи жыйыны ѳттү. Жыйынга Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын тийиштүү борборлорунун башчы жана ѳкүлдѳрү катышып аны менен бирге Венгриянын тышкы байланыштар жана соода институтунун башчысынын орун басары жана мүчѳ ѳлкѳлѳрдүн Азербайжандагы дипломатиялык миссияларынын башчылары катышты.


ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асанов жыйынга катышып Ассамблеянын иш чараларынын приоритеттүү аспектилерин белгиледи. Ѳз сѳзүндѳ Асанов мырза Түрк тилдүү мамлекеттерде маалымат алмашуу жана интеграцияланган маалымат ааламын түзүү аракеттерин ѳнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгиледи. Ѳлкѳлѳр арасы экономикалык, маданий жана башка сферадагы заманбап маалымат алмашуу процесстерине түрткү берүүдѳ тышкы сасясат изилдѳѳ борборлордун ролун белгиледи. 2015-жылдын июнь айында Бакыда ѳтүүчү биринчи Европалык оюндарын мисал келтирип Түрк мамлекеттеринде глобалдуу ѳнүгүүлѳргѳ түрткү берүү жана бул иш чаралардын Түрк дүйнѳсүнѳ берүүчү мүмкүнчүлүктѳр менен артыкчылыктар боюнча коомчулукту маалымдоо жѳнүндѳ катышуучулардын кѳңүлүн бурду. Түрк Кеңешине мүчѳ ѳлкѳлѳрдүн тышкы саясат изилдѳѳ борборлор арасында кыщзматташуу жѳнүндѳ Меморандум кабыл алуусу менен жыйын аяктады.