A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы ТүркПА делегациясын кабыл алды - Turk-PA.org
Friday, 25 September 2020, 01:17:55 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы ТүркПА делегациясын кабыл алды

18.05.2015 19:00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Асылбек Жээнбеков ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асановду жана ТүркПАнын эл аралык байланыштар жана укуктук маселери боюнча комиссиясынын мүчѳлѳрүн кабыл алды.


Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбеков Укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Ал ТүркПАнын алкагындагы кызматташуунун өнүгүү деӊгээлин жогору баалады. “Кыргызстан ТүркПА курамындагы өлкөлөр менен ишенимдүү мамилени бекемдөөгө дилгир жана келечекте бул эл аралык уюмдун алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилени бекемдеш үчүн иш-чараларды өткөрүүнү кароодо”, - деп баса белгиледи А.Жээнбеков. Ошондой эле ал ТүркПАнын мүмкүнчүлүгүн арттырып, ага катышкан өлкөлөрдүн механизмин иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Парламент жетекчиси ошондой эле ТүркПА шайлоолорго эл аралык байкоочу катары жигердүү катышып жатканына токтолду. Ал күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөөрүн эске салды. “Алдыдагы парламенттик шайлоону ачык, таза өткөрүүнү уюштуруу Кыргызстандагы парламенттик демократияны бекемдөөдөгү өтө маанилүү этап болуп саналат”, - деген А.Жээнбеков бул шайлоого ТүркПАнын алкагындагы байкоочулар да катышаарын кошумчалады.