A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined property: Domain\Archives::$description_meta

Filename: controllers/Archive.php

Line Number: 42

Backtrace:

File: /var/www/app/turk-pa/vendor/monolog/monolog/src/Monolog/ErrorHandler.php
Line: 164
Function: call_user_func

File: /var/www/app/turk-pa/application/controllers/Archive.php
Line: 42
Function: handleError

File: /var/www/app/turk-pa/index.php
Line: 325
Function: require_once

Анкарада ТүркПАнын Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын жыйналышы өттү - Turk-PA.org
Thursday, 09 July 2020, 12:23:29 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Анкарада ТүркПАнын Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын жыйналышы өттү

06.04.2015 11:25
2015-жылдын 2-апрелинде Түркиянын борбор шаары Анкарада ТүркПАнын Айлана чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын алгачкы жыйналышы болуп өттү. Иш чарада белгиленген комиссиянын Төрагасы, Азербайжан Милли Межлисинин депутаты Ахлиман Амирасланов төрагалык кылды.


Жыйын ТүркПАга мүчө өлкөлөрдөгү чөлдөшүүгө каршы күрөш маселесине арналып, бул чөйрөдө аткарылып жаткан иш аракеттер туралуу ар тараптуу талкууларга жемиштүү болду , БУУнун чөлдөшүүгө каршы күрөш конвенциясынын эрежелеринин орундалышы туралуу чаралар талкууланды. Иш чаранын натыйжасында жактырылган сунуштамада мүчө өлкөлөрдө чөлдөшүүгө каршы күрөш маданиятын калыптандыруу зарылдыгы айтылды.

Комиссиянын жыйыны Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы, жана Түркиянын делегациялары, мындан тышкары Түркиянын Айлана чөйрө жана шаардаштыруу министрлигинин, Токой жана суу чарба министрлигинин, Түрк Кеңешинин, Түрк дүйнөсүнүн инжинерлер жана архитекторлор ассоциацисынын, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги жана башка институтардын катышуусунда өттү.

Комиссия тарабынан жактырылган Баяндама жана Сунуштама 2015-жылдын экинчи жарымында Казакстанда өткөзүүгө көздөлгөн 6-пленардык жыйында кабыл алынат.