Tuesday, 23 January 2018, 16:05:35 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
ТҮРКПАнын мөөнөттөгү Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Ташкентте Олий Мажилистин Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашев менен жолукту

2017-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Өзбекстандын Олий Мажилисинин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөө парламенттер ортосундагы байланышты мындан ары да арттыруу боюнча сөз жүрдү. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн президенттери баштаган кызматташуунун жаңы баскычын мындан ары да бекемдөөгө парламенттер аралык байланыштар өбөлгө түзөөрүн баса белгилешти.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация эки күндүк расмий иш сапар менен Өзбекстанда болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын Олий Мажилисинин мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары Нариман Умаров башында турган Ɵзбек делегациясы 2017-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында өткөн ТҮРКПАнын жетинчи пленардык жыйынына конок катары катышып, Кыргыз Республикасынын Төрагасы Дастанбек Жумабековдун кабыл алуусунда болгон.