Tuesday, 23 January 2018, 16:05:52 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин Төрагасы ТҮРКПАнын жаңы башкы катчысын кабыл алды

2017-жылдын 21-декабрында Азербайжан Республикасынын Парламент (Милли Меджилистин) Төрагасы Огтай Асадов мырза Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) жаңы шайланган Башкы Катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

Тараптар Ассамблеянын жакынкы жана келечектеги ишмердүүлүгүн, ошондой эле ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташтыгын кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Мамаюсупов мырза Милли Меджлистин Төрагасына ТүркПА Катчылыгына көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Милли Меджилистин Төрагасы ТҮРКПАнын Башкы Катчысын кызматка киришкенине байланыштуу ишине ийгилик каалады.