Tuesday, 23 January 2018, 16:05:24 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
ТҮРКПАнын VII пленардык жыйынында Ала-Арча декларациясы кабыл алынды

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 7-пленардык отурумунун жыйынтыгы менен Ала-Арча декларациясы кабыл алынды.

ТүркПАнын 7-пленардык отурумунун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Азербайжан Республикасынын Милли Межилисини Төрагасы Октай Асадов, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева катышты. Мындан сырткары, аталган иш-чарага байкоочу катары Венгрия Мамлекеттик Жыйынын Төрагасынын орун басары Иштван Якаб, ошондой эле ТүркПАнын тарыхында биринчи жолу Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары Нариман Умаров башында турган Өзбекстандын парламенттик делегациясы ардактуу конок катары катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өз баяндамасында өлкөнү өнүктүрүүдө жогорку технологиялардын ордун белгилеп, бүгүнкү жыйын дагы “Парламенттердеги ачык-айкындуулук: чечимдерди кабыл алууда жаңы технологиялар” деп аталган маселени талкуулоого арналгандыгын билдирди. Дастанбек Жумабеков Кыргызстандын парламенти Жогорку Кеңештин жыйындары “online” режиминде көрсөтүлүп баштаганын кошумчалады. Мындан сырткары, ал Кыргызстандагы мамлекет менен жарандардын ортосундагы байланышты жакшыртууга өбөлгө болуучу, мамлекеттик органдардын ачыктык принцибин өнүктүрүүнү шарттоочу жүзөгө ашырылып жаткан “Таза коом” долбооруна дагы токтолду.

Азербайжан Милли Межлисинин Төрагасы Октай Асадов ТүркПАнын демократиялуу чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берген, парламенттик кызматташтыкты бекемдей турган жана баардык тармактар боюнча алакаларга жагымдуу шарттарды түзө турган уникалдуу аянтча экендигин баса белгиледи. “Биздин өлкөлөрдүн башкы жетишкендиктеринин бири – санарип технологияларды колдонуусу. Биз баардык мыйзам базаларын санарипке өткөрүү боюнча иш жүргүзүп жатабыз жана бир тууган элдер менен тажырыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз”,- дейт ал.

Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева ТүркПА отурумун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын айтты. “Бүгүнкү талкууланып жаткан санариптик технологияларды колдонуу жөнүндөгү тема баардык өлкөлөр үчүн актуалдуу. Казакстан бул тармакта чоң тажырыйбага ээ жана ал тажырыйбалары менен бөлүшүүгө даяр”,- дейт Гүлмира Исимбаева.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман ТүркПАнын кийинки отурумунда Өзбекстан менен Түркмөнстан бул уюмдун толук укуктуу мүчөсү болоруна үмүт артаарын белгиледи. “Биз ТүркПАнын мүчөлөрү катары жалпы маселелерди чечүүгө жана уюмубуздун потенциалын көтөрүүгө жигердүү катышуубуз зарыл”,- дейт ал.

Отурумдун жүрүшүндө Укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиянын, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын, Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жана Айлана-чөйрө, жаратылышы ресурстары боюнча комиссиянын баяндамалары угулду. Анда климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн кесепеттери менен себептери, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аны менен күрөшүү жаатында кызматташуу, энергиянын альтенативдүү булактарын өнүктүрүү, кибер кылмыштуулукка каршы туруу жана укуктук системаны өркүндөтүү жаатында талкуу жүрдү.

ТүркПАнын VII пленардык отурумунун катышуучулары Уюмдун VIII пленардык жыйынын 2018-жылдын ноябрь айында Түркияда өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты.

Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.

Эске салсак, Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.