Tuesday, 23 January 2018, 16:06:11 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызмат ордуна Алтынбек Мамаюсупов (Кыргызстан) дайындалды

Бишкек шаарында өткөн ТүркПАнын VII пленардык жыйынында парламенттер аралык бирикменин Башкы катчысы кызмат ордуна жана анын орун басарларына талапкерлер шайланды.

Ошентип, ТүркПАнын Башкы катчылыгына Алтынбек Мамаюсупов (Кыргызстан), Башкы катчынын орун басарлыгына Фуад Алакпаров (Азербайжан), Наурыз Айдаров (Казакстан), Али Юлдыз (Түркия) дайындалды.

Андан тышкары, ТүркПАнын комиссияларынын төрагалары менен алардын орун басарлары да бекитилди.

Белгилей кетсек, ТүркПА түзүмүндө төрт комиссия бар: Укук маселелери жана эл аралык мамилелер боюнча комиссия; Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссия; Экономикалык кызматтыштык боюнча комиссия; Айлана-чөйрө жана жаратылыш байлыктары боюнча комиссия. Алардын курамына мүчө-мамлекеттердин баары өз талапкерлерин сунуштай алат.

Эске салсак, Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.