Monday, 18 December 2017, 20:31:23 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Нарын – Кыргызстандын тоолуу областы

Нарын областынын аймагы Кыргыз Республикасынын тѳрттѳн бир бѳлүгүн түзѳт жана Памир Ала-Тоо кыркаларында жайгашкан. Аймак суу жана гидроэнергетика ресурстарына бай. Ошондой эле баалуу темир рудалары жана кѳмүр кендери бар.

Областта мал чарбачылыгы жакшы ѳнүккѳндүктѳн бир эле Кыргызстанды эмес коңшу ѳлкѳлѳрдү дагы эт сүт азыктары менен камсыздайт. Нарын областында кайталаңгыз архитектуралык ѳзгѳчѳлүкѳ ээ, курулушу ХV кылымга таандык Таш-Рабат кербен сарайы Улуу жибек жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте орун алган.

2017-жылдын 19-20-сентябрында курамында ТүркПАнын башкы катчысы Жандос Асанов, башкы катчынын орун басары Алтынбек Мамаюсупов жана комиссия катчысы Канатбек Курманбеков Нарын областында иш сапары менен болду.

Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясынын делегациясы Кыргызстандын ѳкмѳтүнүн аталган областагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Аманбай Кайыпов Нарын калаасынын мэри Эмилбек Алымкулов менен жолугушуп пикир алышты. Эки тараптуу жолугушууда ТүркПАнын башкы катчысы Ж.Асанов уюумдун максаттары менен милдеттерин жана ТүркПАнын азыркы учурда аткарып жаткан иштерин айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптар өз ара кызматташтыкты арттыруу маселесин талкуулашты.

Нарын мемлекеттик университетинде сүйлѳгѳн сѳзүндѳ ТүркПАнын башкы катчысы Ж.Асанов ТүркПА ѳз ишмердигин БУУнун принциптери менен нормаларына ылайык аткарып жатканын, Түрк тилдүү институттар менен кызматташтык, аймактагы мамлекеттер аралык байланышты бекемдѳѳгѳ каршы келбестигин тескерисинче кайра толуктап тураарын билдирди.

Ал Кыргызыстандын соңку мезгилдеги жетишкендиктери жана орток түрк дүйнѳсүнүн бир бѳлүгү болуп саналган, маданияты бай Кыргызстан менен ТүркПА сыймыктанаарын билдирди. ТүркПАнын башкы катчысы жылуу кабыл алганы үчүн университеттин ректору Дамира ѳмүралиевага ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын алкагында ТүркПА делегациясы Таш-Рабат архитектуралык комплекси менен Нарын шаарындагы балдардын музыкалык мектебинде болушту.