Sunday, 20 August 2017, 04:31:32 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Бабалар баскан из менен

Бабалар баскан из менен деп аталган тегерек стол 2017-жылдын 29 майында Касакстандын Бакудагы элчилигинде уюштурулду. Иш чарага Сагадата Нурмагамбетов атындагы эл аралык кайрымдуулук фондунун Астана филиалынын жетекчиси Сапар Искаков баштаган илимий изилдөө тобунун келишине арналып уюштурулган.

Тегерек столду Казакстандын Азербайжандагы элчиси Бейбит Исабаев ачты. Иш чарага Азербайжандын Милли межилисинин депутаты Низами Жафаров, Венгриянын Азербайжандагы элчиси Имре Ласлоцки, Түрк тарыхы менен маданияты, мурасы боюнча фондунун президенти Гюнай Эфендиева жана Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү катышышты.

Баарлашууда сөз сүйлөгөн ТүркПАнын башкы катчысы Жандос Асанов Казакстан менен Азербайжандын тарыхы бай экендигин, тарыхчылар бири бирибиздин басып өткөн жолубузду изилдегенге убакыт келгенин, мындай изилдөөлөр эки элдин карым катышын бекемдегенге шарт түзөөрүн билдирди. Тегерек стол соңунда ТүркПАнын башкы катчысы Казакстандан келген конокторго эстелик үчүн сувенирлерди белек кылды.

Экспедиция Азербайжандагы Казак айылы менен Грузияда жана ошондой эле кошуна өлкөлөрдө уланат.