Monday, 18 December 2017, 20:30:49 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Казакстан дипломатиясынын медалы ТүркПАнын баш катчысына ыйгарылды

Казакстан Республикасынын дипломатиялык кызматынын 25 жылдыгына карата тышкы иштер министри Кайрат Абдырахманов ТүркПАнын башкы катчысы Жандос Асановду «Казакстан Республикасынын дипломатиялык кызматына 25 жыл эстелик медалы жана министрдин ардак граматасы менен сыйланды.

Жандос Асанов Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде 1993-жылдын 13 сентябрында жумушка орношуп, андан бери бир катар чет өлкөлөрдө дипломатиялык кызматтарда иш алып барган. Ал ошондой эле (СВМДА - CICA) ЕККУ (ОБСЕ - OSCE) сыяктуу абройлуу эл аралык уюумдарда да иштеген. ТүркПАнын аракеттеги баш катчысы Казакстан Республикасынын Президентинин, Премер министринин жана Парламент аппаратында, дагы эмгектенген.