Monday, 18 December 2017, 20:21:46 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Амасиядагы ТүркПАнын иш-чарасы

ТүркПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын жыйыны 2017-жылды 11-12 майында Түркиянын Амасия шаарында өтүп, алдыдагы айларда Бишкек шаарында уйуштурулуучу Парламенттик ассамблеянын пленардык сессиясынын күн тартибинде орун алган маселелердиі талкуулады. Жыйынды ТүркПАнын белгиленген комиссиясынын төрагасы, Амасия аймагынан шайланган Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Халук Ипек алып барды.

Азербайжан Милли Межлисинин депутаты С.Валиева, Казакстандан келген сенатор С. Акылбай, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Райымкулов, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Э.Эрдем жетекчилик кылган делегациялар жана ТүркПАнын Башкы катчысы Ж.Асанов жетектеген ТүркПАнын катчылыгынын кызматкерлери иш-чарага катышты.

Амасия шаарынын акими Ж.Өздемир жана анын кесиптештери боордош өлкөлөрдөн келген конокторго жылуу меймандостук көргөздү.

Жыйынга катышуучулар Амасиянын тарыхый жана маданий жагы менен таанышышты.