Sunday, 22 October 2017, 10:37:08 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
IV Баку форуму өзүнүн бир жыйынын түрк кызматташтыгына арнады

«Маданияттар арасындагы диалогту илгерилетүү: адамзат коопсуздугу, тынччылык менен туруктуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүндүктөр» аттуу тема менен 6-7-апрелде Баку шаарындагы Г.Алиев борборунда өткөн Маденияттар арасындагы диалог боюнча VI дүйнөлүк форум өзүнүн бир сессиясын түрк кызматташтыгына арнады. «Маденияттар жана цивилизациялар кесилишиндеги түрк мурасы» аттуу тегерек столду Түрк маденияты жана мурасы фонду уюштуруп, жыйынды фонддун төрайымы Гүнай Эфендиева алып барды.

ТүркПАнын Башкы катчысы Ж.Асанов өз сөзүндө ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн цивилизациялар арасындагы диалогту жайылтуудагы аракеттер туралуу баяндады. Мисалы, Азербайжан Биринчи Европа оюндары жана БУУ цивилизациялар альянсынынVII форумeн уюштурду; Казакстан 2003-жылдан бери Дүйнөлүк жана салттуу диндер жетекчилеринин съездин өткөзүп келет, быйыл Астанада дүйнө жүзүндөгү туруктуу өнүгүү факторларынын бири болуп саналган альтернативдик энергия булактарын өнүктүрүүнү көздөгөн эл аралык ЭКСПО-2017 көргөзмөсү өтөт; Кыгызстан түрк жана көчмөн маданияттын мурасын жаңыртуу үчүн эки ирет дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөздү; ал эми континеттер менен цивилизацияларды бириктирип турган Түркия болсо абдан чоң сандагы качкындарга баш калкалоо таап берүү үчүн аракеттенүүдө.

Ж.Асанов түрк тилдүү өлкөлөр өз ара кызматташтыкты бекемдөөчү механизмдерге көңүл бурду. Мисалы, өлкөлөр арасындагы информация агымы төмөн. Бул маселе чечүү үчүн бир түрк тилинен экинчисине тилдик котормо маселелерин илимий жолго койуу керек.

Түрк кызматташтыгы институттарынын жетекчилери өз ара кеңешип, Ж.Асановдун кийнки түрк кызматташтыгынын институттарынын координациялык жолугушуусун июнь айында Бакуда, ТүркПАнын жаңы кеңсесинде өткөзүү туралу сунушун колдошту.

Башкы катчы Маданияттар арасындагы диалог боюнча VI дүйнөлүк форумунун жабылуу салтанатына катышты.

Speech by TurkPA Secretary General