Sunday, 18 February 2018, 23:52:23 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Түрк кызматташуу институттары ТҮРКПА Катчылыгында чогулушту

2018-жылдын 8-февралында Баку шаарында ТҮРКПАнын Катчылыгында ТҮРКПАнын, Түрк Кеңешинин, Түрксойдун, Түрк маданияты жана мурасы фондунун жана Түрк Академиясынын төртүнчү координациялык кеңешмеси болду. Иш-чарага Түрк Кеңешинин башкы катчысы Рамил Гасанов, Түрксойдун Башкы катчысы Дүйсөн Касеинов, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Афандиева жана Түрк Академиясынын туруктуу катчысы Асхат Кессикбаев катышты.

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов иш-чаранын модератору катары кеңешменин катышуучуларына ТҮРКПАнын 2017-жылдагы жана 2018-жылга белгиленген иш-пландар жана долбоорлор тууралуу учкай маалымат берди.

Түрк кызматташуу уюмдарынын өкүлдөрү дагы өткөрүлгөн соңку иш-чаралары менен бөлүшүп, катчылыктар ортосундагы ишти жана маалымат алмашууну координациялоону өркүндөтүү жөнүндө макулдашты.

Мындан сырткары, тараптар алдыдагы маанилүү окуяларды – ТҮРКПАнын 10 жылдыгы, Түрксойдун 25 жылдыгы, АДРдин 100 жылдыгы жана түрк ааламынын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын биргелешип белгилөө сыяктуу маселелер боюнча бир пикирге келишти. Ошону менен катар кийинки бешинчи координациялык кеңешме Азербайжанда Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан уюштурулаары чечилди.