Sunday, 18 February 2018, 23:51:49 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Казакстан, Азербайжан парламенттеринин төрагалары ТҮРКПАнын Катчылыгында жумушчу иш сапары менен болушту

2018- жылдын 2-февралында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин Төрагасы Октай Асадов ТҮРКПА Катчылыгында жумушчу иш сапары менен болушту. Парламент жетекчилерин ТҮРКПанын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, анын орун басарлары – Азербайжан, Казакстан жана Түркия парламенттеринин өкүлдөрү Фуад Алакпаров, Наурыз Айдаров жана Али Йылдыз тосуп алышты.

Меймандар Катчылыктын залындагы ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттердин парламент өкүлдөрүнүн маанилүү иш-чаралардагы кызыктуу учурлары камтылган фото- көргөзмө жана түрк өлкөлөрүнүн достугу менен ынтымагы, кызматташтыгы чагылдырылган белгилүү акын-жазуучулардын китептери коюлган жаңы китепкана менен таанышып чыгышты.

Алтынбек Мамаюсупов аталган эки парламенттин жетекчилерине ТҮРКПАнын учурдагы ишмердүүлүгү жана келчектеги иш-пландары боюнча учкай маалымат берип, алардын көңүлүн өзгөчө алдыдагы ТҮРКПАнын негизделишинин 10 жылдыгына бурду.

Иш сапардын соңунда Казакстан Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Азербайжан Милли Межилисинин Төрагасы Октай Асадов Катчылыктын бакчасына көчөт отургузуу иш-чарасына катышты.

Белгилей кетсек, эки парламенттин төрагаларынын жумушчу иш сапарында аталган парламенттердин депутаттары, анын ичинде Азербайжан-Казакстан парламенттеринин депутаттык достук топторунун мүчөлөрү болду.