Sunday, 18 February 2018, 23:52:57 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Башкы катчы Казакстандын элчиси менен жолугушту

Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов 2018-жылдын 31-январында Казакстан Республикасынын Бакудагы элчилигинде болуп, Казакстандын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алтынбек Мамаюсупов элчиге уюмдун алдыдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, аны менен ТҮРКПАнын 2018-жылы өткөрүлө турган 10 жылдык мааракесине байланышкан иш-чаралар боюнча пикир алмашты. Башкы катчы ТҮРКПА мамлекеттер аралык кызматташтыктын, түрк мамлекеттери ортосундагы ачык диалогго негизделген парламент аралык кызматташтыктын, тынчтыктын жана ынтымактын маанилүү платформасына айлангандыгын белгилеп өттү.

Исабаев мырза ТҮРКПАнын түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин жогору баалап, Ассамблеянын бардык демилгелерин жана милдеттемелерин Казакстан да толук колдой тургандыгын баса белгилеп айтты.

Ошондой эле тараптар Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулиндин Бакуга жана ТҮРКПАнын штаб-квартирасына жасай турган иш сапарынын маселелерин да талкуулай кетишти.