Sunday, 18 February 2018, 23:51:33 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Башкы катчы Азербайжандын парламентинде жолугушууларды өткөрдү

2018-жылдын 24 январында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Милли Межилистин Саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы жана ТҮРКПАнын Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын төрагасы Ахлиман Амирасланов Милли Межилистин Жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Фуад Мурадов мырзалар менен жолугушту.

Ахлиман Амирасланов менен болгон жолугушууда Башкы катчы Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын алкагында келечекте өткөрүлө турган иштер тууралуу маалымат берди. Тараптар Комиссиянын 2018-жылы өткөрүлөт деп болжолдонуп жаткан иш-чараларына жана ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди талкуулашты. Амирасланов мырза ТҮРКПА катчылыгынын демилгелерин жогору баалап, талкууланып жаткан долбоорлорго колдоосун көрсөтө тургандыгын билдирди.

Фуад Мурадов менен болгон жолугушууда тараптар жаштар жана спорт маселеси боюнча пикирлери менен бөлүшүштү. Башкы катчы дагы, Азербайжан парламентинин мүчөсү дагы ТҮРКПАга мүчө өлкөлөр ортосунда тийиштүү парламенттик комитеттер алкагындагы өз ара кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешип, бул багыттагы бир катар сунуштарын айтышты. Ошол эле мезгилде Мурадов мырза эл аралык деӊгээлде ишмердүүлүк жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн айтып, эл аралык уюмдар менен кызматташуунун зарылдыгын баса белгилеп, ТҮРКПАнын бул багыттагы ишмердүүлүгүн колдоого даяр экендигин билдирди.