Sunday, 18 February 2018, 23:52:06 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
ТҮРКПАнын башкы катчысы А.Мамаюсупов Түркиянын элчиси Эркан Озорал менен жолугушту

15-январда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов Түркия Республикасынын Азербайжандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эркан Озорал менен жолугушту.

ТҮРКПА башкы катчысы Түркия элчисине Парламенттик Ассамблеянын бүгүнкү жана келечекке пландалган ишмердүүлүгү, ТҮРКПАнын Бишкек шаарында (Кыргызстан) өткөн 7-пленардык жыйынынын натыйжалары тууралуу учкай маалымат берди. Ошондой эле А.Мамаюсупов түрк тилдүү элдердин кызматташуусундагы Түркиянын ордун баса белгилеп, ТҮРКПА ишмердүүлүгүнө зор колдоо көрсөткөн Түркиянын тиешелүү институттарынын жардамын жогору баалады. «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы жигердүү жана натыйжаларга байланган кызматташуусун иш жүзүнө ашыруу зарыл»,- дейт ал.

Мындан сырткары, тараптар 2018-жылдагы маанилүү окуялар тууралуу пикир алышты. Бул жылы бир катар белгилүү даталар – ТҮРКПАнын 10 жылдыгы, Азербайжан Демократиялык Республикасынын 100 жылдыгы, Кыргыз Республикасынын 80 жылдыгы, түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу, жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленмекчи. Башкы катчы ТҮРКПА жогоруда айтылган белгилүү даталарга байланыштуу иш-чараларды өткөрүүгө өз салымын кошо тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын элчиси Эркан Озорал бул багытта Түркия ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн толугу менен колдой турганын айтып, түрк тилдүү кызматташуу институттарынын тыгыз карым-катышта болуусу зарылдыгын белгиледи.