Tuesday, 23 January 2018, 16:05:13 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Азербайжандын Тышкы иштер министри Э.Мамедьяров ТҮРКПАнын Башкы катчысы А.Мамаюсупов менен жолугушту

2017-жылдын 29-декабрында Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Эльмар Мамедьяров Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын ТҮРКПА Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов менен жолугушту.

ТҮРКПАнын Башкы катчысы А.Мамаюсупов эл аралык коомчулукта глобалдык диалог үчүн түрк дүйнөсү менен платформасы модель болуусунда Азербайжандын орду өсүп бара жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысы аймактагы тарыхый, маданий жалпылыгы бир, этникалык байланыштагы өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөдө негизги платформа катары ТҮРКПАнын маанисин айтып, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо жана жалпы максаттарга жетүүдө анын ролун баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган Парламенттик Ассамблеянын ишмердүүлүгү талкууланып, мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү жаатында пикир алышуу болду. Ошону менен катар тараптар ТҮРКПАнын башка парламенттер аралык мекемелер менен кызматташтыгын, эл аралык уюмдун алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара карым-катнашты өнүктүрүү маселелерине токтолушту.