Tuesday, 23 January 2018, 16:06:02 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
Казакстан Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов менен жолугушту

2017-жылдын 27-декабрда Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын ТҮРКПА Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов менен жолугушту.

Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин Алтынбек Мамаюсуповду ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, анын келечектеги ишине ар тараптуу ийгиликтерди каалады.

Мажилис Төрагасы этникалык, маданий жана тарыхый тамыр менен байланышкан өлкөлөрдүн интеграцияланышына платформа катары ТҮРКПАнын ролу тууралуу айтты. Ошону менен катар ал мүчө-өлкөлөрдүн мындан ары дагы өнүгүшүнө Казакстан толук колдоо көрсөтө тургандыгын ишендирип, анда ТҮРКПА маанилүү ролду ойношу керектигине көңүл бурду.

ТҮРКПА Башкы катчысы А.Мамаюсупов Мажилис Төрагасына ТҮРКПАны ар тараптан колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, ТҮРКПАнын Башкы катчылыгынын 2018-жылга карата пландап жаткан иш-максаттары тууралуу учкай маалымат берди. Мындан сырткары А.Мамаюсупов кызматташуунун иш жүзүндөгү натыйжасына жетүүдө Парламенттик Ассамблея ТҮРКПАнын ишмердүүүлүгүн жандандырышы зарылдыгын кошумчалады.

Жолугушууга Казакстан Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Маулен Ашимбаев катышты.