Tuesday, 23 January 2018, 16:05:03 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы
ТҮРКПАнын мөөнөттөгү Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолукту

2017-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ташкентте Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптуу алаканы бекемдөө, парламенттер ортосундагы байланышты мындан ары да арттыруу жаатында пикир алышты. Ошондой эле баарлашууда Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери кошуна эки өлкөнүн достугунун данакери болуп калышы керектиги баса белгиленди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация эки күндүк расмий иш сапар менен Өзбекстанда болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын Олий Мажилисинин мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары Нариман Умаров башында турган Ɵзбек делегациясы 2017-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында өткөн ТҮРКПАнын жетинчи пленардык жыйынына конок катары катышып, Кыргыз Республикасынын Төрагасы Дастанбек Жумабековдун кабыл алуусунда болгон.